Экинчи талапкерге да кылмыш иши козголду

Автор

УКМК 28-майда болуп өткөн N:26 -Ленин округу үчүн шайлоодо талапкерлердин бирөө добуш сатып алууга аракет жасаганын билдирди.

Мындан улам талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  менен иш козгоду.

Тергөөнүн жүрүшүндө талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылардын үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети көрүлгөнү, шайлоо фондуна кирбеген каржыны, административдик ресурсту пайдаланганы, шайлоочуларды добуш берүүчү жайларга ташыганы аныкталып, далилдер алынган.

УКМК учурда иштин бардык жагдайын аныктоого аракет көрүп жатканын, материалдар БШКга жөнөтүлөрүн маалымдады.

Улан Сариев шайлоочулардын 11,88 пайызынын добуштарына ээ болгон эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн стоматит пайда болот?

Стоматит – ооздун былжыр челинин мүнөздүү сезгенүүсү. Көбүнчө балдарда кездешет, бул колду жуубай, айланадагы нерселердин «даамын татып» көрүү адатынан келип чыгат. Ал өз алдынча оору катары иш алып барышы мүмкүн же механикалык зыяндын, инфекциялардын же тиштердин ооруларынын фонунда өнүгүшү мүмкүн. Эмне үчүн стоматит пайда болот? Оорунун себептери ар кандай: бактериялык, […]

Сизге жагышы мүмкүн