reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 27,1508 % % 0.1
EURO 28,9391 % % 0.11
GRAM ALTIN 1.680,98 % % 0,38
ÇEYREK A. 2.748,41 % % 0,38
BITCOIN 726.067 % -0.942
Соңку кабар
reklam
Google News

Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы чыгарылат

Son Güncelleme :

15 мая 2023 - 10:20

reklam
Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы чыгарылат
reklam

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы  романы келерки жылы чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, атактуу жазуучунун урпактары анын жарыкка чыга элек «Биз сени август айында көрөбүз» романын келерки 2024-жылдын жазында классиктин каза болгонунун 10 жылдыгына карата чыгарышат.

Бул  Мексикадан башка бардык испан тилдүү өлкөлөрдө чыгарылат. Аны англис, француз, немис жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Романда  жыл сайын 16-августта апасынын мүрзөсүнө зыярат кылып, маркум менен  болгон сезимдерин бөлүшүп турган аял  сүрөттөлөт. Маркес ден соолугуна байланыштуу бул китепти аягына чыгара албай калган. Жазуучу каза болгондон кийин роман 10 жылдай Техас университетинин архивинде сакталып турган.

Жыйнактын үзүндүсү 2014-жылы испаниялык “La Vanguardia”  басылмасы тарабынан жарык көргөн.

reklam