reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди

Son Güncelleme :

18 марта 2023 - 8:52

reklam
Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди
reklam

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Россиянын президенти Владимир Путин менен Россиянын Балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берди. Соттун басма сөз кызматынын сайтындагы маалыматка караганда РФнын башчысы Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Россиянын аймагына мыйзамсыз депортациялоо жана мыйзамсыз өткөрүү боюнча айыпталууда. Кылмыштар 2022-жылдын 24-февралында жасалган.
Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова да украиналык балдарды Россияга мыйзамсыз депортациялаган деп айыпталууда.
Путин менен Львова-Белованы камакка алуу ордери прокурорлордун 2023-жылдын 22-февралында берген арыздарынын негизинде чыгарылган.
РФнын башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныбай турганын эске салды. «Биз маселенин коюлушунун өзү эле чектен чыккан жана кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Россия, бир катар мамлекеттер сыяктуу эле, бул соттун юрисдикциясын тааныбайт. Демек, мындай түрдөгү чечимдер Россия үчүн жараксыз болуп саналат»,-деди Дмитрий Песков.

reklam