Владимир Путин Жалал – Абадка келет

Автор

Күзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу экономика министрлигинин өкүлү  Асел Бегматова билдирди. Белгилүү болгондой,
Жалал-Абад шаарында Кыргыз-Орус региондор аралык пландалган конференция өтөт. Президенттер иш чаранын жүрүшүндө “Майлуу-Суу” лампа заводун жана “Кыргыз нефтегаз” мамлекеттик ишканасын зыярат кылышат. Орус-Кыргыз мамлекеттеринин ортосунда 9 мектепти куруу боюнча келишим бар. Өлкө башчылары бир мектептин курулушуна капсула салышаары күтүлүүдө. Ошондой эле Орус-Кыргыз достук паркы ачылат. Бул конференция эки өлкөнүн мамилесин чыңдоо жана өнүктүрүү багытында жыл сайын өткөрүп келет. “Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча Кытайдан кийин экинчи орунда турат”,- деп билдирди Асел Бегматова маалымат жыйынында. “2018-2022-жылдар аралыгында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1.7 эсеге өскөн, 2022-жылы Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү Орусиянын үлүшү 24, 7 пайызды, экспортто 44,1 пайызды, импортто 23,6 пайызды түзгөн. Ал эми Кыргызстандын статистикасына ылайык, Орусия менен соода жүгүртүү өткөн жылы 3 млрд 234 млн долларды түздү”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев Германиянын президенти менен Россияга каршы санкцияларды талкуулады

20-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушууда казак мунайынын Германияга жеткирилишин жана Россияга каршы  санкцияларды талкуулашты. Казакстан буга чейин 20 миң тонна мунайдын алгачкы партиясын жөнөткөн.  Келечекте бул көлөмдү айына 100 миң тоннага жеткирүү пландалууда. «Биз эл аралык абалдын курчушу жөнүндө айттык.  Агрессивдүү согуш доорлордун […]

Сизге жагышы мүмкүн