Бүгүн өтүүчү маданият иш-чаралардын тизмеси

Автор

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023- жылдын 20 – ноябрында өтө турган иш- чаралардын тизмесин жарыялады:

 

  1. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында саат 10:00 до Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын актрисасы Стрельцова Татьяна Дмитриевнаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

 

  1. Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 11:00до кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет.

 

  1. Эркиндик-Чүй көчөсүнүн кесилишинде саат 14:00до Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелинин ачылышы өтөт.

 

  1. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында саат 18:00до КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына арналган “Өрнөктүү элден бата алып, өнөргө болду аталык” аттуу чоң программадагы концерт өтөт. Концерттин алкагында Маданият министрлиги тарабынан Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата жарыяланган аткаруучулар арасында сынактын жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланат.

 

  1. Бишкек эл аралык кино фестивалынын 20-ноябрдагы программасы саат 10:30 да Кыргызпатенттин инновациялык борборунда уланат. Анда Фестивалдар – режиссерлор жана көрүүчүлөр. Фестивалдар режиссерлордон эмнени каалайт же каалабайт? семинары өтүп, саат  14:00дө  Питчинг программасынын расмий бет ачары жана  Кинодолбоорлордун питчинги өтөт.

 

Бишкек кино фестивалынын 20-ноябрдагы тасмалардын жадыбалы:

 

АЛА –ТОО КИНОТЕАТРЫНДА

 

Саат 10:00.

Тасманын аталышы:”Башта! Ишикава!”. Режиссёру: Такуми Такашина (Эл аралык сынак- Япония).

 

Саат 11:40.

Тасманын аталышы: “Айкай” Режиссёру: Кенжебек Шайкаков (Эл аралык сынак-Казакстан).

 

Саат 14:20.

Тасманын аталышы: “Эсимде”. Режиссёру: Актан Арым Кубат ( Эл аралык сынак- Кыргызстан).

 

Саат 16:30.

Тасманын аталышы: “Жекшемби”.Режиссёру: Шокир Холиков (Эл аралык сынак-Өзбекстан).

 

МАНАС КИНОТЕАТРЫНДА

 

Саат 10:00.

Тасманын аталышы: “Көл”. Режиссёру: Эмиль Атагельдиев

(Улуттук сынак-Кыргызстан).

Саат 12:00

Тасманын аталышы: “Сагынбай Манасчы”. Режиссёру: Эрнест Абдыжапаров (Улуттук сынак-Кыргызстан).

Саат 13:45.

Тасманын аталышы: “Үй сатылат”. Режиссёру: Талайбек Кулмендеев (Улуттук сынак-Кыргызстан).

Саат 13:00.

Тасманын аталышы: “Делбирим”. Режиссёру: Сарвар Каримов

(Ретроспектива).

10:30.

Тасманын аталышы: “Эфлатун”. Режиссёру: Жүнейт Каракуш

(Түрк киносунун жумалыгынын алкагында).

Саат 12:30.

Тасманын аталышы: “Берилгендик Хасан” Режиссёру: Семих Капланоглу (Түрк киносунун жумалыгынын алкагында-).

 

Кирүү акысыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Орхан Инанды 55 жашка толду

«Сапат» билим берүү мекемелеринин экс-президенти Орхан Инанды 55 жашка толду. Ал 1968-жылы Түркиянын Каарман Маараш провинциясында жарык дүйнөгө келген. Анын туулган күнү тар чөйрөдө белгиленип, каалоо тилектер айтылды. Орхан Инанды мындан 3 жыл мурда Түрк коопсуздук кызматтары тарабынан качырылып, үстүбүздөгү жылдын  16-июнунда мамлекеттик айыптоочу аны 21 жылга эркинен ажыратууну сураган. […]

Сизге жагышы мүмкүн