Бүгүн Кыргызстан – Оман беттешин түз алып берүү үчүн “Ынтымак” паркында фанзона уюштурулат

Автор

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары беттешет. Оюндун түз эфири “Ак шумкарлардын” күйөрмандарына Бишкектеги “Ынтымак” паркында уюштурулган фанзонада көрсөтүлөт.
Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде саат 22:00 старт алат.
Оюндун түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарында да жеткиликтүү болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу туру алкагында Оманга каршы ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

12-июнга карата аба ырайы

12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, […]

Сизге жагышы мүмкүн