Ат чабуу боюнча Тайтору кубогу өтөт

Автор

Чолпон-Ата шаарында 15-апрелде кыска аралыкка ат чабуу боюнча Тайтору кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аргымактар 1200, 1600, 1800, 1400, 2000 метр аралыкка чабылат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, акчалай сыйлык жана медалдар тапшырылат.

Жалпы байге фонду 100 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Аргымак федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина чабуул жасайбы?

Украинанын чабуулу жакында башталары тууралуу кептер бир нече жумадан бери басма сөздө жана социалдык тармактарда тарап жатат. Көптөгөн серепчилер Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн планын жылуу аба ырайы, бронетехниканын жеткирилиши жана сокку уруу күчтөрүнүн даярдыгы менен байланыштырышууда. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн алдыда боло турган операциясы “контрачабуул” катары да, “чабуул” катары да сыпатталууда. Чындыгында, […]

Сизге жагышы мүмкүн