

Бүгүн, 10-апрелде Жоламан Шаршенбеков килем үстүнө чыгат
Учурда Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.
10-апрелдеги мелдештин экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча дагы 5 медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 5 спортчу килем үстүндө күч сынашат.
Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Кыргызстан курамасы 2 медаль утуп алды – Акжол Махмудов Азия чемпиону болсо, Роман Ким коло байгеге ээ болду.
10-апрелдеги жуптардын курамы
60 кг
1/4 финал
Жоламан Шаршенбеков — Умит Дурдыев (Туркменистан) — Сумит (Индия) күрөшүнүн жеңүүчүсү менен беттешет.
67 кг
1/8 финал
Куотаро Согабе (Жапония) — Раззак Бейшекеев
72 кг
1/8 финал
Адилхан Нурланбеков — Лоики Амирхонзода (Тажикстан)
82 кг
1/4 финал
Акылбек Талантбеков — Рохит Дахия (Индия) — Арян Бин Азман (Сингапур) беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт
97 кг
1/8 финал
Сейол Ли (Корея) — Үзүр Джузупбеков