Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Пакистан инвестициялык форуму өтөт. Эки өлкөнүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун 150дөн ашык өкүлү катыша турган соода жана инвестициялык форумда экспорт, соода жана инвестицияны көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Пакистандык делегациянын курамында 40тан ашык бизнес өкүлү бар. Форумду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги, Пакистандын Соода министрлиги жана Министрлер Кабинети биргелешип уюштурууда.
Деңизден чалгындоо учагын алып чыгуу аракети жүрүп жатат
Бей Мар 16 , 2023
Орус бийлиги Кара деңизде аскерлер бир күн мурда кулаган америкалык MQ-9 Reaper чалгындоо учагынын сыныктарын түбүнөн алып чыгуу операциясы жүрүп жатканын тастыктады. АКШ администрациясынын өкүлдөрү муну жасоо өтө кыйын болорун, учкучсуз учактагы бардык баалуу маалымат жок кылынганын ырасташууда. Кара деңиздин үстүндөгү окуя боюнча эки өлкөнүн коргоо министрлери Ллойд Остин менен […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/photo_scr_230315_112811.jpg)