reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

 Бүгүн “Акшумкарлар” Ооганстан курамасы менен беттешет

Son Güncelleme :

10 июня 2023 - 11:10

reklam
 Бүгүн “Акшумкарлар” Ооганстан курамасы менен беттешет
reklam

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо  Кыргызстандын курамасы Ооганстандын курамасы менен беттешет.  Оюн “CAFA NATIONS CUP-2023” мелдеши  алкагында саат 20:00 башталат.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтө турган болгон.

Бүгүн мелдештин биринчи күнүндө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до Кыргызстандын курамасы Ооганстандын курамасы менен ойнойт.

 

«В» тайпасындагы беттештердин жүгүртмөсү:

 

10-июнь: Кыргызстан – Ооганстан

 

13-июнь: Иран – Ооганстан

 

16-июнь: Кыргызстан – Иран

 

Беттештер бир айлампада өткөрүлөт. Анда тайпалардын жеңүүчүлөрү Ташкент шаарында финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат.

reklam
reklam
reklam