Бүгүндөн тарта Кыргызстанда  жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Автор

2023-жылдын 10-майынан тартып Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата чыгарылды.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок.

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

«Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөт. Бул  тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты. […]

Сизге жагышы мүмкүн