Абдрахман Маматалиев УКМК төрагасын колдоп чыкты

Автор

“Мен чек ара менен алектенген адам катары тастыктап айта алам, Союздун убагында Кыргызстандын бир топ аймактары негизсиз Тажикстанга берилип кеткени боюнча архивдик материалдар бар экендиги боюнча бизде маалыматтар бар”,- деп билдирди экс-вице министр Абдрахман Маматалиев. “Биз убагында Тажикстандын жетекчилигине ачык айтканбыз, эгер силер аймактык дооматты токтотпосоңор кайра биз силерге караганда абдан чоң аймакты кайтарып берүүңөр боюнча талап коёбуз деп. Алар макул болушуп, доомат койгондон баш тарткан болчу”,- деп билдирди ал.

Абдрахман Маматалиев белгилегендей, Кыргызстандын жетекчилиги алмашкан сайын алар курулай, негизсиз  дооматтарды артып келишет. Мындан улам биздин жетекчиликтин биринчи жолу туура талапты коюп жатканын колдоого алаарлык иш – аракет деп баалайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский АКШдагы пландарын жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга иш сапары менен келди. Ал Нью-Йоркко учуп, дароо АКШда дарыланып, реабилитацияланып жаткан Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине жөнөгөн. Сапардын алкагында Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөнү, уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышууну, ошондой эле “маанилүү эки тараптуу жолугушууларды” өткөрүүнү пландаштырууда. Андан соң Украинанын президенти Вашингтонго барып, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн