Быйыл Кыргызстанда баалар 4,3 пайызга өстү

Автор

Кыргызстанда быйыл январь-май айларында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,3 пайызды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,5 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулаган.

Баалардын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык региондорунда байкалды. Максималдуу өсүү (8,2 пайызга) Нарын облусунда катталган. Мунун себеби тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6,5 пайызга) наркы башка региондорго салыштырмалуу жогорулашы менен шартталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Өмүрбек Текебаев, элчи: "Күчүбүз Адахан Мадумаровго эле жетеби?"

Баткендеги төрт көчө боюнча Адахан Мадумаров кол койду делген протоколго Өмүрбек Текебаев макул эмес экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбегени үчүн апрель төңкөрүшүнөн кийин парламент колдобой койгонун айтты. “Ар кандай саясий чечимдер болот. Анын этаптары болот. Эгер ал туура эмес деп эсептелинсе, парламент же, президент кабыл албай коёт. Ошону […]

Сизге жагышы мүмкүн