

Эл аралык валюта корунун божомолуна караганда, бул жыл дүйнөлүк экономика үчүн оор болот. Бул тууралуу аталган фонддун директору Кристалина Георгиева билдирди. Ал дүйнө Украинадагы жаңжалдын кесепеттерине жооп берип жатканын баса белгиледи. Мындан тышкары, экономикалык өсүшкө дүйнө жүзү боюнча акча-кредит саясатынын катаалдашы терс таасирин тийгизүүдө.
Дүйнөлүк ИДП быйыл 3 пайыздан азыраак өсөөрү күтүлүүдө.