Ошто мыйзамсыз үй салгандарга кылмыш иши козголду

Автор

Ош шаарында архитектуралык уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаардын Тилеке-Баатыр көчөсүндө “А-П” ЖЧКсы көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү үшүк жүрөт

Дем алыш күндөрү өлкө аймагында үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 1-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус болот. Мындай аба ырайы данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч […]

Сизге жагышы мүмкүн