reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

БРИКС оюндары 2024-жылы Казанда өтөт

Son Güncelleme :

26 июня 2023 - 11:07

reklam
БРИКС оюндары 2024-жылы Казанда өтөт
reklam

БРИКС оюндары 2024-жылдын июнь айында Казань шаарындагы 12 спорт объектисинде Орусиянын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлөт. Бул тууралуу Орусиянын спорт министри Олег Матыцин билдирди.

Маалыматка ылайык,  программага улуттук спорт боюнча БРИКС өлкөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен спорттун 22 түрү киргизилет.

Матыцин белгилегендей, азыркы шарттарда БРИКСтин глобалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүдөгү, анын ичинде спорттогу ролу өсүп жатат.

«Биз БРИКС өлкөлөрү менен тең укуктуулук, дискриминацияланбоо, өз ара урматтоо жана спортчуларды мелдештерге бирдей киргизүү принциптерине негизделген достук спорттук мамилелерди ар тараптуу бекемдөөнү жактайбыз. Азыр БРИКСтеги кызматташуубузду чыңдоо, мамлекеттер аралык спорттук иш-чаралардын жаңы форматтарын иштеп чыгуу болуп көрбөгөндөй маанилүү», — деп  билдирди Матыцин.

Маалымат үчүн: БРИКСке беш мамлекет кирет: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка (2011-жылы кошулган).

 

 

reklam