Бишкек-Ош жолундагы кырсык: Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлдү

Автор

Жол кырсыгынын кесепетинен Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун  Бишкек – Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап, тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна бензин төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган.

Буга байланыштуу Талды-Булак жана Сосновка айыл аймактарынын айылдарына суу берүү токтотулган. Учурда суу экспертизадан өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бразилия менен Аргентинанын футбол күйөрмандары мушташты

Рио-де-Жанейродогу “Маракана”  стадионунун трибунасында Бразилия менен Аргентина курама командаларынын 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо матчында массалык мушташ чыкты. Бразилиянын гимни ойнолуп жаткан учурда командалардын күйөрмандары бири-бири менен мушташа башташкан, андан соң жергиликтүү полиция кырдаалга кийлигишип, зомбулук көрсөткөн футбол күйөрмандарын таяк менен тынчыта баштаган. Натыйжада беттештин башталышы жарым саатка […]

Сизге жагышы мүмкүн