Бишкекте 1,7 млн гүл отургузулат

Автор

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт.
“Учурда гүлдөрдү отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, “Дене тарбия” гүлбакчасы Пушкин көчөсү боюнча Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана “Уркуя” гүлбакчасынын жанында жүргүзүлүүдө.
Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда. Гүлзарлардын эскиздерин Бишкек жашыл чарбанын ландшафттык дизайнерлери түзүүдө”, – деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, быйыл шаарга бир жылдык 1 млн 700 миң түп гүл отургузулат. Кооз гүлдөгөн бир жылдык өсүмдүктөрдүн негизги артыкчылыгы-жай бою гүлдөп, көздү кубантып, бир мезгил бою шаардын көркүн ачат.

Бөлүшүү:
Next Post

Карим Масимов 18 жылга кесилди

Астана облусунун райондор аралык соту Казакстандын мурдагы премьер-министри жана мурдагы УКМК төрагасы Карим Масимовду 18 жылга түрмөгө кесип, үй мүлкүн толук конфискациялоо чечимин чыгарды. Эми мөөнөтүнүн соңуна чейин камакта калтырылат. Карим Масимов 2022-жылдагы январь окуясына байланыштуу кармалган эле. Ал өз кезегинде Казакстандын транспорт министри, премьер-министри, Президенттик администрациянын башчысы жана Мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн