Бишкекте тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкек шаарындагы К .Өмүралиев атындагы спорт комплексинде тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 11-17-июнь күндөрү өтүп, ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Бөлүшүү: