reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды 

Son Güncelleme :

20 апреля 2023 - 14:21

reklam
Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды 
reklam

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы старт алды. Маданий иш-чаранын расмий бөлүгү борбордогу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү.

Жумалык 20-25-апрель күндөрү өтүп, ар кандай маданий иш-чаралар менен коштолот.

Жумалыктын биринчи күнү Манас темасына арналган, анын алкагында Евразия Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылышы болду. Ал эми саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу ырлар жайнагынын бет ачары болот. Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтөт.

Мындан тышкары, кечки саат 19:00дө “Ынтымак” сейил багында “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланат.

reklam