Эртең Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат (тизме)

Автор

Бишкекте эртең, 21-апрелде Орозо айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр таңы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жолдор жабылат:

Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин;

Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин.

“Айт намазга келген адамдардан кооптуу заттардын жоктугу текшерүү үчүн бекеттер коюлат. Жогорудагы айтылган аймакка токтотулган унаалар эвакуацияланат”, — деп айтылат маалыматта

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

“Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу” ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңештин тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган. Макулдашууну ратификациялоо КРнын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Долбоорду Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн