reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкекте музейлер күнү белгиленет

Son Güncelleme :

16 мая 2023 - 15:34

reklam
Бишкекте музейлер күнү белгиленет
reklam

18-майда Бишкекте музейлердин эл аралык күнү белгиленет.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнгө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат.

 

Саат 09:00дөн 22:00гө чейин:

 

-Исхак Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көч., 90),

 

-Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170),

 

Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде (Токтогул көчөсү, 109) ачык эшиктер күнү өтөт.

 

Саат 15:00дөн 22:00гө чейин О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде (Тыныстанова көч., 108) ылайдан портрет жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулат.

 

Саат 15:00дөн 22:00гө чейин С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч., 87а) сүрөтчү В.Ф.Руппел заманбап искусство боюнча жана Салкынай Адышева макраме, жип боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

 

Ушул эле убакытта А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч.) жана Г.Айтиевдин музей-өнөрканасында (Тыныстанов көч., 78) иш-чаралар уюштурулат.

reklam