reklam
reklam
hava 24° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,2363 % % 0.1
EURO 28,8450 % % -0.02
GRAM ALTIN 1.674,70 % % -0,10
ÇEYREK A. 2.738,13 % % -0,10
BITCOIN 720.001 % 0.573
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Son Güncelleme :

30 мая 2023 - 9:20

reklam
Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт
reklam

Бишкек шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик турнир 2023-жылдын 1-июнунан 4-июнуна чейин борбор калаабызда “Бишкек Арена” спорт комплексинде өтүп, ага 36 мамлекеттен 600гө жакын балбандар катышат. Бул турнир быйылкы төрт турнирдин үчүнчү рейтингдик турнири. Буга чейин ал Хорватияда, Египетте өткөн. Венгрияда төртүнчүсү болот.

Эске салсак, турнирдин ачылышы 2-июнь күнү саат 17:00дө болот. Ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышат. Ардактуу меймандар Бириккен дүйнөлүк күрөш бюросунун мүчөлөрү болушат.

Бул маанилүү турнирден тышкары, U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты да болмокчу. Бул сынак былтыркыдай эле 2023-жылдын 10-18-июнунда Бишкекте өтөт.

reklam