Азия чемпионатында  оор атлетика боюнча  кыргыз спортчулар 3 медаль жеңди

Автор

Азия чемпионаттында оор атлетика боюнча кыргыз балбандары 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Индияда өткөн Азия чемпионатында  оор атлетика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр  курама командасы  3 медаль (1 күмүш, 2 коло медаль) жеңди.

89 кг чейинки салмакта Фарух Шокиржанов күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 102 кг чейинки салмак категориясында түртүп көтөрүүдө Эрбол Эрмек уулу жана Нурсултан Тармалов 89 кг чейинки салмакта булкуп көтөрүүдө  коло медалга ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 чакырымы такталды

2021-жылдын май айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 101,86 чакырымды түзгөн чек ара сызыгы такталды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору алты ирет жолугушуу өткөргөн. «Учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн