Бишкекте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

Автор

Бүгүн, 16-ноябрда  Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкекте боло турган жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чарага Россиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстандын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Андан тышкары, конференцияда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, коомдук-саясий ишмерлер, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.

Алгач кыргыз парламентинин 85 жылдыгына арналган тасма көрсөтүлүп, андан соң төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Тагыраагы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи чакырылышы 1938-жылдын октябрында өз ишин баштаганын эске салган Төрага: “Жогорку Кеңештин 85 жылдык тарыхы эгемендикке умтулган кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш. Совет доорундагы жана эгемен Кыргызстандагы жаңылануулар, өзгөрүүлөрдүн бардыгы Жогорку Кеңештин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып келди. Айрыкча Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы алгач парламент тарабынан тастыкталып, эгемендигибизди далилдеген чечимдердин бардыгы депутаттар тарабынан кабыл алынды”, – деди.

Муну менен катар 85 жылдык маарекеге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин катышып жаткандыгы да бекеринен эмес экенин белгилеп: “Анткени, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алгачкы жыйыны 1992-жылдын 16-17-сентябрында Бишкек шаарында өткөн. Ассамблея чейрек кылымдан ашуун мезгил аралыгында жигердүү өнүгүп, тарыхый байланышы терең өлкөлөрдүн алакасын арттырууга кызмат кылды”,– деди Нурланбек Шакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

17-ноябрда күтүлгөн аба ырайы: 23 градус жылуу болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-ноябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 3…+8, күндүз +18…+23,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,   Нарын […]

Сизге жагышы мүмкүн