Бишкекте жаңы жылдык балаты орнотулууда

Автор

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты.

Башкы балатыны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда. Балаты быйыл да чоң фонтандын ордуна орнотулуп жатат.

Белгилей кетсек, былтыр өлкөнүн башкы балатысынын оту 16-декабрга жанган. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил-ХАМАС: Бири-бирин айыптады

Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАС согушкерлеринин атышууларынан бир нече жоокер жеңил жарадар болгонун билдирди. Израил армиясы 28-ноябрдагы окуяны макулдашылган ок атышууну токтотуу линияларында болгонун билдирүүдө. Өз кезегинде палестиналык ХАМАС тобу Израилди Газадагы ок атышпоо келишимин одоно бузуп жатканга айыптады. Газада ок атышпоо режими 24-ноябрда эртең менен иштеп, төрт […]

Сизге жагышы мүмкүн