Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат

Wp Pw

Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Пекин – Бишкек – Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында кое берилет. Аны Кытайлык авиакомпания аткарат.

Мындан тышкары, ушул жылдын декабрында Кытайдын Чэнду шаарына авиакаттам ачылат.

Next Post

Сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 47-жумасында (20.11-26.11.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 5050 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу КРВИ менен ооругандардын +23,9%га өсүүсү байкалууда. Бардык оорулардын 65%ы 14 […]