Сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө

Автор

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 47-жумасында (20.11-26.11.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 5050 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу КРВИ менен ооругандардын +23,9%га өсүүсү байкалууда.

Бардык оорулардын 65%ы 14 жашка чейинки балдар.

Аба ырайынын муздашы менен сасык тумоодон башка да вирустук инфекциялар, мисалы, парагрипп, аденовирустар, респиратордук синтициалдык вирус, риновирус жана башкалар көбөйдү.

КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу 2 типте жүргүзүлөт – спецификалык, б.а. эмдөө жана спецификалык эмес.

Алдыдагы иш-чаралардын комплексин күчөтүү жана келе жаткан эпидемиялык мезгилде калк арасында ооруну турукташтыруу максатында Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу үчүн сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасынын 90 666 дозасын сатып алган.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан тобокел тобундагы 87 миң 110 жаран сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бишкек шаарынан башка бардык аймактарда элди сасык тумоого каршы эмдөө иштери аяктады.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында эмдөө 7 жеке менчик медициналык борбордо (МК Малыш, Кроха, 312 поликлиника, МК «KG», ЦАДМИР, Интермедикал, Авиценна) акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүүдө.

 

КРВИ сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек, мисалы:

 

беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо – жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду бет аарчы менен жабуу жана андан кийин аларды туура жокко чыгаруу;

санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).

эгерде балада ОРВИ белгилери пайда болсо, ал айыкмайынча баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылыңыз;

окуу, иштөө жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү, жетиштүү уктап, туура тамактануу;

эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда балык уулоочу торлорго тыюу салынды

“Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Ага ылайык, синтетикалык нейлондон же башка полиамиддик моножиптерден машинада же колго жасалган, жиптин диаметри 0,5 ммден кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 мм кем болгон даяр түйүндүү балык […]

Сизге жагышы мүмкүн