Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 100 млн сом керек

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-июндагы жалпы  жыйынында ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, өкмөт мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Марлен Маматалиевдин маалыматына караганда, Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн бюджеттен 100 млн сом бөлүү керек. Депутат шаар бюджетинде мындай акча жок болгондуктан реалдуу чечим издөөнү сунуштады.

«Азыр биз суу маселесин талкуулап койсок эле маселе чечилип калбайт. Эң аз дегенде төрт жерден суу чыгаруу үчүн бюджет бөлүнүшү керек деп сурашкан. Мэрияда акча жок. Азыр парламент бюджет маселесин чечип берип коёлу, тийиштүү акча бөлүнсүн. Менин билгениме караганда, 100 миллион сомдон 400 млн сомго чейин акча керек«, — деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров суу кодексин жаңылоо процесси башталгандыгын айтты

«Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Мамлекет башчысы иштеп жаткан эл аралык системанын негизги постулаты катары кызматташууга артыкчылык берүү менен заманбап […]

Сизге жагышы мүмкүн