reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

“Бир айыл – бир продукт”: Бренддик продукт пайда болот

Son Güncelleme :

27 июня 2023 - 14:28

reklam
“Бир айыл – бир продукт”: Бренддик продукт пайда болот
reklam

Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.

Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү;

инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП үлгүсүндөгү продукцияларды өндүрүү жана аларды ички жана эл аралык рынокто сатууга тартуу;

БАБП үлгүсүндөгү продукцияны өлкөнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий иш-чараларында колдонуу.

Долбоор президенттин “Бир айыл – бир продукт” эл чарба долбоору жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

reklam