

Белгилүү журналист Жылдыз Муслимованын «Тамызгы» автордук каналына журналист Али Токтакунов маек берип, «Азаттык» радиосунун чоо-жайын айтып берди. Ошондой эле ал жаштардын маселелери, өзүнүн журналисттик кесиби жана өлкөбүздөгү басма-сөздүн абалын кеңири баяндап берген.
Жылдыз Муслимованын профессионалдык ишмердүүлүгүнө таянган «Тамызгы» автордук каналы жарык көргөнүнө аз убакыт болсо да, миңдеген көрүүчүлөрдүн купулуна толуп баратканы байкалууда.