Бириккен Араб Эмираттары 30 миллиард долларлык Альтерра климатты каржылоо фондун түзөөрүн президент Мохаммед бен Заид аль-Нахайян Дубайдагы COP28 климаттык саммитинин ачылышында билдирди.
COP28 веб-сайтындагы билдирүүгө ылайык, Alterra дүйнөдөгү эң ири жеке менчик климаттык инвестициялык фонд болот. Аны Абу-Даби глобалдык базарынын эркин зонасында жайгашкан көз карандысыз Lunate компаниясы башкарат. Фонддун башкы аткаруучу директору Эмират дипломаты жана COP28дин башкы директору Маджид Аль Сувайди болот.
Ири инвестициялык компаниялары менен өнөктөштүктө фонд башка климаттык фонддорго 6,5 миллиард доллар берүүгө милдеттенген жана өзү 2030-жылга чейин 250 миллиард доллар чогултууну көздөөдө.
Тажикстанда Ташиев менен Ятимов жолугушту
Ише Дек 2 , 2023
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстадын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Тараптардын жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан […]