Базар-Коргондо сел жүрдү

Автор

Жалал-Абад облусундагы сел каптаган аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14- май күнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон районунда жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короо сарайларына кирген.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө. Базар-Коргон райондук куткаруучулар тарабынан короого толуп калган сууларды тазалоо иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, фестивалга 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Иш-чара 17-21-май күндөрү өтүп, анын алкагында “Мыкты семетейчи”, “Мыкты дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада салт” сынактары уюштурулат. Маданий долбоор бул […]

Сизге жагышы мүмкүн