Америка Кубогу -2024: Мессинин атаандаштары аталды

Автор

Америка Кубогунун 2024-жылдагы чүчүкулак таштоо аземи АКШнын Майами шаарында болуп, анын жыйынтыгы боюнча лидер Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасы А группасында ойнойт.
КОНКАКАФтын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Америка Кубогунун учурдагы чемпиондору А тайпасына кирип, аларга Перу, Чили жана Канада-Тринидад жана Тобаго беттешинин жеңүүчүсү кошулат. Калган үч тайпада командалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
В тайпасы: Мексика, Эквадор, Венесуэла жана Ямайка.

С тайпасы: АКШ, Уругвай, Панама жана Боливия.

D тайпасы: Бразилия, Колумбия, Парагвай, Коста-Рика же Гондурас.

Бөлүшүү:
Next Post

Саламаттык сактоо министрлигине 107 автотранспорт берилди

Саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспорт берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Аклбек Жапаров катышты. «3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар […]

Сизге жагышы мүмкүн