Алишер Эрбаев билим берүү министрин сынга алды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Жалал-Абад облусунун  чыгарган чечимин аткарбаган билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеваны жарга такады. “Жалал-Абаддын губернатору июнь айында коллегия өткөзүп, коллегиянын чечимин силерге жөнөткөн. Анда облустагы билим берүү бөлүмдөрүнүн  6 жетекчисин кызматтан алуу сунушу берилген. Силер болсо, июнь айынан бери унчукпай отурасыңар”,- деди. Бирок, министрдин мындан кабары жок болуп чыкты.

Депутат маалымдагандай, аталган жетекчилер акча чогултушаары, ардак грамоталарды 5000 сомдон сатышаары жана кээ бир директорлорго чалып, кекилик, эликтин этин талап кылышаары ашкере болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башталды

Кыргызстандагыдай уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш Түркияда да башталды. Кечээ түрк ички иштер министрлигинин кызматкерлери Стамбулда рейд өткөрүп, бир катар кылмыштуу топтун лидерлерин колго түшүрдү. Айрыкча, көптөн бери издөөдө жүргөн “yolyemezler” деп аталган мафиянын лидерин жана жан жөкөрлөрүн кылтакка илген. Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө уюшкан кылмыштуу топтор менен аёсуз күрөш […]

Сизге жагышы мүмкүн