reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Алайда сел жүрүп, жолдор жабылды

Son Güncelleme :

22 июня 2023 - 10:17

reklam
Алайда сел жүрүп, жолдор жабылды
reklam

Алай районунун Терек жана Кара-Талаа айылдарында нөшөрлөгөн жаангырдын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Терек айылында 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короо-жайларына сел суулары кирип, кум-шагылга толгон.

Ошондой эле Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгында сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн.

Табигый кубулуштун кесепетинен жаралган кырдаалды көзөмөлдөө, маалыматты тактоо максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов, Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер жерине чыгып кеткен.

Мындан сырткары, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тазалоо иштерине айыл аймагынан 1 жүктөгүч, №959 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

reklam