Төрага Нурланбек Шакиевдин Өзбекстандагы расмий иш сапары башталды 

Автор

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Абрамс танктарынын биринчи партиясы Украинага келди

Америкалык “Абрамс” танктарынын биринчи партиясы Украинага мөөнөтүнөн мурда жеткирилгенин Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн расмий Telegram каналында билдирди. “Министр Умеровдон жакшы кабар. Абрамс Украинада жана биздин бригадаларды күчтөндүрүүгө даярданып жатат. Мен союздаштарга келишимдерди аткарганы үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди. Байдендин администрациясы Украинага убада кылган 31 М1 Абрамс танкынын биринчи партиясы мөөнөтүнөн бир […]

Сизге жагышы мүмкүн