Эртең  Энелер күнү белгиленет

Автор

2012-жылдан тарта  белгиленип келе жаткан Энелер күнү  быйыл 21-майга туш келди. Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында “Энелер күнү” белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай  бул майрам өзүнүн салтына ээ болууга жетишти. Бул күн алдында бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен открыткаларды жана белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат.  Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Телевиденияда бул майрамга арналган  көрсөтүүлөр чыгат.

2022-жылдын 1-январына карата республикада 3 миллион 398 миң аял же жалпы калктын 50,4% түзгөн. Ошол эле учурда, шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 250 миң аял (алардын жалпы санынын болжол менен 37%), айыл жеринде – 2 миллион 149 миң (63% дан ашык) жашаган.

Эненин ыйык таза, тилеги,

Эненин балдарым дейт, жүрөгү.

Энелер, аба сымал эң керектүү,

Энени,  барктап- баалап жүрөлү!

Энелер, жашообуздун маңызы

Энелер, досуң, эжең, баарысы.

Энелер, бар болушсун бактыбызга,

Энелер, бүт оорунун, даарысы.

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН, АСЫЛ ЗАТ,  ЭНЕЛЕР!

 

 

 

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бул эмне деген чыгым? Уят барбы?

“Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасында болгону 65 кызматкер эмгектенет. Булар эмне кылышат, аны деле билбейбиз. 65 кызматкерге 1 президент, 4 вице – президент, 1 аппарат башчы, 2 кеңешчи жана 1 жардамчы бар экен. Дагы  олчойгон айлыктарды коюп алышкан. Президент 177.000 сом, вицелер 130.000 сом, кеңешчилери 120.000 сом, жардамчысы 90.000 сомдон айлык алышаары […]

Сизге жагышы мүмкүн