reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

“Ак шумкарлар” Мьянманын командасы менен тең чыкты(1:1)

Son Güncelleme :

27 марта 2023 - 9:39

reklam
“Ак шумкарлар” Мьянманын командасы менен тең чыкты(1:1)
reklam

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

 

Оюн 1:1 эсебинде аяктады. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Кайрат Жыргалбек уулу “Ак шумкарлар” үчүн чечүүчү голду киргизди.

 

Алдыда Кыргызстандын курамасы Индиянын командасы менен оюн талаасына чыгат.

 

Эскерте кетсек, Tri-Nation International Football Tournament турниринин алкагында Индиянын Калькутта шаарында Кыргызстандын курамасы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

 

Александр Крестинин жетектеген машыктыруучулар штабы командага 23 оюнчуну чакырган.

 

“Ак шумкарлардын” курамасы:

 

Дарбазачылар:

 

Эржан Токотаев («Каспий», Казакстан);

Антон Коченков («Арсенал», Россия);

Султан Чомоев («Дордой»).

Коргоочулар:

 

Християн Браузман («Абдыш-Ата»);

Айзар Акматов (эркин оюнчу);

Александр Мищенко («Дордой»);

Кайрат Жыргалбек уулу («Аксу», Казакстан);

Тамирлан Козубаев («Истерн», Гонконг);

Бекжан Сагынбаев («Китчи», Гонконг);

Арслан Бекбердинов («Абдыш-Ата»);

Сүйүнтбек Мамыралиев («Дордой»).

Жарым коргоочулар:

 

Эрбол Атабаев («Динамо», Махачкала);

Муролимжон Ахмедов («Дордой»);

Турсунали Рустамов («Дордой»);

Николай Давыдов («Изманинг», Германия);

Гулжигит Алыкулов («Кайрат», Казакстан);

Магамед Узденов («Алга»);

Рауль Джалилов («Алга»);

Алимардон Шукуров («Неман», Беларусь);

Кай Мерк («Унион Титус- Петанж», Люксембург).

Чабуулчулар:

 

Эльдар Молдожунусов («Нефтчи»);

Шерали Юлдашев («Дайнава», Литва);

Эрнист Батырканов («Келантан Юнайтед», Малайзия)

reklam