Акыйкатчынын орун басарлары шайланды

Автор

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын орун басарлыгына Айчүрөк Назаралиева менен Шухрат Айтиев шайланды.  Андан соң Назаралиев менен Айтиев ант беришти.

Белгилүү болгондой, Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Буга чейин мугалим, жактоочу, аны менен бирге парламенттин аппаратында иштеген.

Шухрат Айтиев 1984-жылы туулган. 2008-жылы Ош мамлекеттик университетин психология, ал эми, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.

Ал буга чейин журналист, Кара-Көл шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси (2010-жылы), коомдук фонддордо долбоордун менеджери, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, парламенттик фракция катчылыгынын эксперти, сектор башчысы кызматтарында иштеген. 2021-2023-жылы Транспорт министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору кызматын ээлеген.

 

Бөлүшүү:
Next Post

«Мектеп - 2030» глобалдык форуму Кыргызстанда өтөт

«Мектеп – 2030» глобалдык форуму 2024-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Борбордук Азия университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Шамш Кассим-Лакханы (Shamsh Kassim-Lakha) жана Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Баркат Фазал менен жолугушуусунда айтты. Министр Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрүнө Португалияда өткөн […]

Сизге жагышы мүмкүн