“Акшумкарлар” Оман командасын жеңди

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Беттеш 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Биринчи тайм 0:0 менен аяктады, экинчи таймдын башында Кыргызстан эсепти ачты. Жалгыз голду Одилжон Абдурахманов киргизди.

Ошентип оюн 1:0 эсебинде “Ак шумкарлардын” жеңиши менен аяктады.

“Ак шумкарлардын” оюнуна президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылды.

Эскерте кетсек, 16-ноябрда Кыргызстан менен Малайзиянын Куала-Лумпурдагы беттеши 3:4 эсебинде жыйынтыкталып, “Ак шумкарлар” жеңилүү ызаасын тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Минскте ЖККУнун кезектеги жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сессия Беларусь президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт. Жамааттык […]

Сизге жагышы мүмкүн