reklam
reklam
hava 11° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 29,0009 % % 0.04
EURO 31,2318 % % 0.03
GRAM ALTIN 1.862,13 % % -0,24
ÇEYREK A. 3.044,58 % % -0,24
BITCOIN 1.232.250 % -3.719
Соңку кабар
reklam
Google News

Аксыдагы өрттөнүп жаткан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды

Son Güncelleme :

13 марта 2023 - 12:34

reklam
Аксыдагы өрттөнүп жаткан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды
reklam

Аксыдагы өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.

«Жеринде Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Бардык тийиштүү ич-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан төрт бөлүмдөн (реанимация, төрөт, хирургия, балдар) 134 оорулу эвакуацияланды», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

reklam