Айыл чарбасын каржылоого дээрлик 3,1 млрд сом насыя берилди

Автор

30-июнга карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча 3 млрд 96 млн 628 миң сомго 6 миң 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789 млн 161 миң сомго 1 миң 886 насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 461 млн 1 миң сомго 1 миң 68 насыя, “РСК Банк” ААК 328 млн 160 миң сомго 818 насыя берген.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 307 млн 467 миң сомго 5 миң насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 1 млрд 90 млн 863 сомго 2 миң 309 насыя, “РСК Банк” ААК 1 млрд 216 млн 604 миң сомго 2 миң 691 насыя берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Электросамокаттар ээлерине айдоочулук күбөлүк талап кылынат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мыйзамга кол койду, ага ылайык ылдамдыгы 25 км/саатка чейин жеткен электросамокаттар  унаа болуп саналат жана аларды жолдо колдонууда айдоочунун күбөлүгү талап кылынат. Мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү Казакстандын Мажилиси (парламенттин төмөнкү палатасы) ушул жылдын май айында кабыл алган. Ошону менен бирге, депутаттар негизги пункттарды белгилешти, атап айтканда, электр […]

Сизге жагышы мүмкүн