Ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады

Автор

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылар үчүн жайкы кемсел тигүүчүлөр ортосунда (физикалык жана юридикалык жактар) конкурс жарыялады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 13-ноябрынан 29-ноябры, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн кеч берилген арыздар каралбайт. Ал эми конкурс 5-декабрда өтөт.

Тигүүчүлөргө коюлган талаптар:

1.Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасынын (УРШ) атына арыз;

2.Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү;

3.Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;

4.Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү;

5.Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (КР ИИМдин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат);

6.Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат);

7.Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер;

8.Реквизиттер;

9.Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү;

10.УРШ мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү;

11.Ажылардын тапочкалары жана буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.

Конкурс тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот: Бишкек ш, Жолу-Көчөсү 234/3.

Байланыш телефону: 0778/0708 48-61-67, электрондук дареги: muftiyat.hajj@mail.ru

Бөлүшүү:
Next Post

Украинада бурулуш учур жакындаганы айтылды

Келе жаткан жыл Украина үчүн өтө маанилүү болорун Bloomberg Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын билдирүүсүнө шилтеме жасап кабарлады. «Бурулуш учур жакындап келе жатат. Келерки жыл чечүүчү болот»,-деди ал. Ермак ошондой эле Батышты кыш башталганга чейин Киевге кошумча абадан коргонуу системаларын берүүгө чакырды. Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы Валерий […]

Сизге жагышы мүмкүн