Украинада бурулуш учур жакындаганы айтылды

Автор

Келе жаткан жыл Украина үчүн өтө маанилүү болорун Bloomberg Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын билдирүүсүнө шилтеме жасап кабарлады.
«Бурулуш учур жакындап келе жатат. Келерки жыл чечүүчү болот»,-деди ал.
Ермак ошондой эле Батышты кыш башталганга чейин Киевге кошумча абадан коргонуу системаларын берүүгө чакырды.
Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы Валерий Залужный жаңжал туюкка кептелгенин моюнга алган.
Маалыматтарга караганда Киев менен Батыш контрчабуулдан көптү күтүшкөн.  Украинанын куралдуу күчтөрү Крымга жетүү үчүн төрт ай жетиштүү болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Сот департаментинин жаңы директору дайындалды

Урмат Кожомбердиев Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 11-ноябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койгон. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. Замирбек Базарбеков бүгүн Сот департаментинин жамаатына жаңы директорду тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалап, анын алдында актуалдуу маселелерди чечүү зарылдыгы турганын белгилеп, жакшы саамалыктарды […]

Сизге жагышы мүмкүн