Абдыжапар Аккулов, География илимдеринин кандидаты: “Март окуясын чыныгы Элдик революция деп атайм”

Автор

Өлкөбүздүн тарыхында март окуясы маанилүү орунду ээлейт. Бирөөлөр аны бир режимдин кулашы десе, айрымдары,  демократияга карай алгачкы кадам дешет. Мезгил, убакыт өткөн сайын тарых акырындап ачуу окуяларды дарылап да, өз ордуна коюп да келатат.

Андыктан, март окуясын өлкөбүздүн билимдүү, айдың инсандарыбыздын сурадык.

-Март төңкөрүшү элге эмне берди? Эмнеси менен элдин эсинде калды?

– Мен апрель төңкөрүшү же, октябрь окуяларына караганда март окуясын чыныгы Элдик революция деп атаар элем. Анткени, Акаевдик режимди кулатуу үчүн элдер көтөрүлдү. Бул да болсо, демократиялык жолду басып өтүүгө биз үчүн импульс болуп калды. Ал эми революция максатына жетип, жетпегени башка маселе. Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Аксы окуясы, Азимбек Бекназаровдун камалышы, Шерали Назаркуловдун ачкачылык жарыялап, көз жумушу сыяктуу маанилүү окуялар бар. Мына ушул бийликти туңгуюкка кептеген окуялар Март Революциясын ээрчите келди.

Бөлүшүү:
Next Post

«Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулушу уланууда

Учурда «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери кайрадан башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган. Белгилей кетсек, 2022-жылы «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштеринин 5 чакырымы курулуп бүткөн. Куруу иштери толугу менен […]

Сизге жагышы мүмкүн