“Vogue” журналынын сырткы мукабасын 106 жаштагы аял ээледи

Автор

Дүнүйөгө атагы чыккан “Vogue” журналы редакциясында 106 жаштагы аялды коноктоду. Ал филиппиндик татуировкалоо устасы Апо Мариа Вханг-Од.  Журнал эң акыркы жолу 2020-жылдын май айында 85 жаштагы Жуди Денч айымды сырткы мукабасы аркылуу окурмандарга тааныштырган. Атагы таш жарган журналдын башкы редактору билдиргендей, Апо Мариа Вханг-Од айым менен басылманын сырткы мукабасын кооздоо чечими добуш берүү аркылуу чечилген.

106 жаштагы каарманыбызга кичинекей кезинде атасы денени сүрөт аркылуу кооздоо (татуировка кылуу) санатын үйрөткөн. Ал өз кезегинде адамдардын денесине өздөрү ыйык көргөн нерселерди тартып берүү үчүн айыл кыштактарга чейин барган. Филиппиндеги айрым адамдар дале болсо, материалисттик нерселерге караганда өздөрү ыйык көргөн нерселерди денесине тарттырып жүрүүсү аркы дүйнөгө барганда бейишке чыгаарына өбөлгө түзөт дешет.

Каарманыбыз “денелерди татуировкалоо менен унутулуп бараткан байыркы жана жергиликтүү элдердин санатын тирилтүүчүмүн, ошол үчүн 106 жашына аяк бастым”,-дейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров Ленин округунда өтө турчу шайлоо тууралуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу пикирин билдирди.   Маекти толугу менен төмөндө сунуштайбыз:   — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!   — Саламатчылык.   — Баарыбызга белгилүү окуялардан кийин учурда Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн