Victory Cup 2024: Күрөш курама командасы 18 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын спорттук күрөш (U-17) боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) өспүрүмдөр курама командасы Анталия шаарында өткөн Victory Cup 2024 эл аралык мелдешинде 18 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен төртөө алтын, үчөө күмүш жана 11и коло медаль.
Эркин күрөш боюнча Садыр Кайыпбеков (45 кг) жана Асан Өмүрбек уулу (60 кг) алтын медалга ээ болушту. Ошондой эле Жакшылык Боробаев(48 кг), Курсанбек Исаков (55 кг), Айбек Эралиев (60 кг), Марлен Абдраимов (51 кг) жана Адыл Табылдыев (71 кг) 3-орунду ээлешти.
Грек-рим күрөшү боюнча 51 кг чейинки салмакта катышкан Нурмухамед Карагулов жана 48 кг чейинки салмак категориясында Марлен Абдысаматов күмүш медалга ээ болушту. 48 кг чейинки салмакта Ислам Темирбеков жана 71 кг чейинки салмак категориясында Акылбек Элжан уулу 3-орунду ээлешти.
Ошондой эле кыз-келиндер арасында Айжаркын Жаныбекова (73 кг) жана Акылай Чыныбаева (57 кг) алтын медалга ээ болушту.
57 кг чейинки салмакта Азиза Шумкарова күмүш медалга ээ болду.
Айдеми Асанказиева (46 кг), Асел Токтосун кызы (43 кг), Асел Жапарова (65 кг) жана Меруерт Октябрева (69 кг) 3-орунду ээлешти.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек – Ош унаа жолунда кооптуу кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлдү

Бишкек – Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, төмөнкү тилкелерди жумуштар жүргүзүлдү. Алар: 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес; 227-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 46910 м3 кар көчкү; 222-чакырымында (Ала-Бел тилкеси) […]

Сизге жагышы мүмкүн