Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп жиберди.
Эки мушкер Лас-Вегаста UFC 285 мелдешинин алкагында октаганго чыгышты. Беттештин төртүнчү бөлүгү чечүүчү болду: мексикалык мушкер Шевченконун далысын өтүп, муунтуу ыкмасы менен атаандашын утуп алды.
Валентина Шевченко сегизинчи ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыккан.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12-июнунда Валентина Шевченко Сингапурдагы UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калган.
Жоламан Шаршенбеков рейтингдик мелдеште алтын медаль жеңди
Дүй Мар 6 , 2023
Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал үч балбанды караандатпай утуп, финалда польшалык балбандын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/1426922.54e7bf9b72fededb0ac13ad8d4b4adbf.jpg)