HRW: Израил ачарчылыкты курал катары колдонууда

Автор

Израил Газа тилкесинде ачарчылыкты курал катары колдонууда. Мындай баа Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму тарабынан берилди. “Израил эки айдан ашык убакыттан бери Газанын элин тамак-аш жана суудан ажыратып келет, бул саясат Израилдин жогорку даражалуу расмий адамдары тарабынан жактырылган согуш ыкмасы катары жана карапайым калкты ачкачылыкка салуу ниетин чагылдырат”,-деди HRW уюмунун Израил жана Палестина боюнча эксперти Омар Шакир.
Анын айтымында дүйнө лидерлери Газа эли үчүн кыйраткыч кесепеттерге алып келген бул үрөй учурган согуш кылмышына каршы чыгышы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Google сурамжылоосу боюнча эң популярдуу спортчу аталды

Португалия курама командасынын чабуулчусу жана саудиялык “Аль-Насрдын” оюнчусу Криштиану Роналду Google издөө системасынын сурамжылоосу боюнча өзүнүн тарыхындагы эң популярдуу спортчу болуп чыкты. Google YouTube каналынын версиясы боюнча, аргентиналык “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси мыкты 10 спортчунун катарына кирди. Роналду беш жолку “Алтын топ” сыйлыгынын ээси. Карьерасында ал “Реал Мадрид” […]

Сизге жагышы мүмкүн